Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:45

Орус рублинин курсу кайрадан төмөндөдү


Москва биржасындагы сатууларда орус рублинин курсу кайрадан АКШ доллары жана еврого карата кайрадан төмөндөдү. Учурда 1 доллар 59 рублди жана 1 евро 70 рублди түзүүдө.

Жыл аягында орус рубли болуп көрбөгөндөй төмөндөп, өлкөдө дүрбөлөң жараткан. Андан соң өз турумун бир аз бекемдеген.

Рублдин курсу дүйнө базарындагы мунайдын арзандашы менен төмөндөп жатат. Өткөн аптада мунайдын арзандоосу акыркы беш жылдагы рекорддук көрсөткүчкө жетти. Учурда мунайдын бир баррели 55 долларды түзүүдө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG