Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:49

Бүгүн Балыкчынын мэрин шайлоо болот


Бул тууралуу Балыкчы шаарынын мэринин орун басары Бегайым Алгожоева “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, шайлоого карата аймактык шайлоо комиссиясы бардык тиешелүү даярдыктарды жүргүздү. Шаар башчылыгына үч киши: Марат Турдубаев, Данияр Бекбашев жана Алмаз Сагынбеков талапкерлигин койгон. Үчөө тең Балыкчы шаарынын тургундары, Данияр Бекбашев шаардык кеңештин депутаты.

Балыкчы шаарынын мэри Мирлан Бообековду кызматтан четтетүү тууралуу токтомго өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев 11-декабрда кол койгон.(MK;ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG