Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:15

Өкмөт санарип телеберүүгө өтүү үчүн 100 млн. сом бөлдү


Мунун ичинен 45 млн. сом социалдык себетке кирген телекомпаниялардын техникалык мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртууга, 35 млн. сому социалдык себеттеги аймактык телекомпанияларды өнүктүрүү максатында бөлүнөт. Ал эми 20 млн. сом санариптик телеканалдарды тартып берүүчү жабдыктар – ресиверлерди сатып алууга жумшалат.

Санариптик ТВлардын социалдык себетинде КТРКнын "Маданият" жана "Баластан" телеканалдары менен, ЭлТР, Мир, 5-канал, Пирамида кирет. Ал эми аймактык ТВлардын тизмесинде Баткен, Нарын, Талас, Ысык-Көл облустук телекомпаниялары, Чүй облустук "Сары Өзөн" телеканалы жана аймактык “Ынтымак” ТВсы бар.

Кыргызстан 2015-жылдын июнь айында санариптик берүү форматына толук өтүү боюнча 2006-жылы Женевада эл аралык электр байланышы боюнча союздун келишимине кол койгон. Казакстан санарипке 2012-жылы өтсө, Өзбекстан 2015-жылга чейин өтүү аракетинде. Ал эми Орусия санарипке 2010-жылы өткөн.(ZKo)

XS
SM
MD
LG