Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:23

Көчөрбаев: “Кыргыз чоролоруна” кылмыш иши козголгон жок


Бишкектин "Таатан" соода борборунун жанындагы кытай ишкерлерине таандык караоке-барды тинтүүгө алган “Кыргыз чоролору” коомдук бирикмесинин мүчөлөрүнө эч кандай кылмыш иши козголгон жок. Бул тууралуу аталган бирикменин башчысы Замир Көчөрбаев “Азаттыкка” билдирди.

Буга чейин шаардык милиция кытайлардын караоке-барын өзүм билемдик менен тинтүүгө алган “Кыргыз чоролорунун” үч мүчөсүнө талап-тоноо, бирикме жетекчиси Замир Көчөрбаевге бейбаштык беренеси боюнча кылмыш иши козголгонун маалымдаган.

“Кыргыз чоролору” коомдук бирикмесинин отуз чакты мүчөсү 28-декабрдын түнүндө “Таатан” соода борборунун жанындагы кытайлардын караоке-барын тинтүүгө алып, 22 кызды сойкулук менен алектенет деген шек менен милицияга өткөрүп беришкен. (UEz/EBm)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG