Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:39

Ливияда туткундан кыргыз жараны куткарылганы айтылууда


Украин дипломаттары Ливияда туткундалган, курамында Украина, Орусия жана Кыргызстандын жарандары бар учак экипажынын Ливиядан чыгуусун камсыздады. Мындай кабарды Украина Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Евгений Перебийнис “Твиттердеги” баракчасына жазды. Ошондой эле куткарылган экипаж мүчөлөрү деп жети адамдын сүрөтүн жарыялады.

“Интерфакс” агенттигинин маалыматына караганда, Аэробус-300 учагынын экипажы 2014-жылдын 13-ноябрдында Ливияга гуманитардык жардам алып барган учурда Гаданас шаарында туткундалган. Ал эми Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинде кыргыз жараны Ливияда туткунга түшкөн-түшпөгөнү тууралуу так маалыматы жок. Министрликтин маалымат катчысы Турдакун Сыдыков бул тууралуу алар орус маалымат каражаттарынан окушкандыгын, учурда маалыматты тактап жатышканын “Азаттыкка” билдирди.

- Бул маалыматтын чын-төгүнүн билип бергиле деп, биз убагында Украинадагы элчилигибизге жибергенбиз. Азыр бул маалыматты тактап жатышат”- деди Сыдыков.

Сыдыковдун айтымында, “кыргыз жараны туткунга түштү же дайынсыз жоголду” деген арыз кайсы бир тараптардан ТИМге түшкөн эмес. (МТо)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG