Линктер

шейшемби, 17-январь, 2017 Бишкек убактысы 13:27

Балыкчы шаарынын мэри болуп Марат Турдубаев шайланды


Бул тууралуу Балыкчы шаарынын мэринин орун басары Бегайым Алгожоева “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, шайлоого 31 депутаттын 30у катышты. Шайлоо жыйынтыгында Марат Турдубаев 17, Данияр Бекбашев 7 жана Алмаз Сагынбеков 6 добуш алган.

Жеке ишкер Марат Турдубаев буга чейин Балыкчыдагы заводдордун бирин жетектеп келген. Ал КСДП партиясынын мүчөсү болуп саналат.

Балыкчы шаарынын мэри Мирлан Бообековду кызматтан четтетүү тууралуу токтомго өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев 11-декабрда кол койгон. (MKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG