Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:07

Өкмөт Барак эксклавына гумжардам жеткирди


Өзбекстан аймагында жайгашкан Барак эксклавына гуманитардык жардам жеткирилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекилов “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтымында, кыргыз өкмөтү Барак эксклавына 20 тонна көмүр, төрт тонна ун жана башка азык-түлүктү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жети унаасы менен жеткирген.

Барак эксклавы Ош облусунун Кара-Суу районуна карайт. Аталган айыл беш чакырым ичкери Өзбекстандын аймагында жайгашкан. Эксклав тургундары Кыргызстанга келип-кетүү жыл өткөн сайын кыйындап баратканын айтып, кыргыз бийликтеринен көчүрүп кетүүнү суранып келген. Кыргыз өкмөтү барактыктарга жардам берүү үчүн үч миллион доллар бөлгөн.(UEz)

XS
SM
MD
LG