Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:21

Аба ырайы: чукул билдирүү


6-январда жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош (121-137,198-265-км), Бишкек-Талас (198-210-км Өтмөк ашуусу), Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу (45-90, 145-150-км), Ала-Бука-Каныш-Кыя (62-100-км), Каракол-Эңилчек (45-90-км), Казарман-Акталчат (67-94-км Кара-Гөө ашуусу) унаа жолдорунда кар көчкү коркунучу жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Уналардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

7-январда өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрден, Ысык-Көл акваториясында батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 0…-5, күндүз 6…11;

Таласта түнкүсүн 0…-5, күндүз 6…11;

Баткенде түнкүсүн 0…-5, күндүз 6…11;

Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн -4…1, күндүз 7…12;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -3…-8, күндүз 2…7;

Нарында түнкүсүн -17…-22, күндүз -5…-10

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -22…-27, күндүз -7…-12

7-январда Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы 1-6 м/с. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 0…2° суук, күндүзгү жогорку температурасы 8…10° жылуу болот.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG