Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:35

АКШ Астанада өтө турган саммитке катышпайт


Кошмо Штаттар 15-январда Астанада өтө турган төрт тараптуу саммитке катышпастыгын мамлекеттик департаменттин катчысы Жен Псаки билдирди.

5-январда өткөн маалымат жыйында Псаки Вашингтон Украинанын чыгышындагы абалды жайгаруу Минск келишими аткарылганда гана мүмкүн деп эсептерин айтты.

Ошентсе да АКШ Астанада өтө турган жыйындын жүрүшүнө жана анын жыйынтыгына сөзсүз көз салат.

Псакинин айтымында, АКШ жана Евробиримдик Орусияга каршы кабыл алган санкциялардын айрымдары Кремль жана Украинанын чыгышындагы козголоңчулар ок атышпоо боюнча өзүнө алган милдеттемелерди аткарганда гана алынып салынышы мүмкүн.

Псаки ошондой эле кризисти жайгаруудагы кандайдыр бир прогресс байкалмайынча, санкцияларды алып салуу тууралуу сөз болбой тургандыгын кошумчалады.

Украина, Орусия, Германия жана Франциянын президенттери 15-январда Астанага чогулуп, Украина маселесин талкуулары болжолдонгон. 5-январда Франция жана Германия саммитке катышуу боюнча өз шарттарын айтышып, эгер алар аткарылбаса барбай турганын билдиришкен.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG