Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:46

Чет элдик жарандар орус армиясында кызмат өтөй алышат


Президент Владимир Путиндин жарлыгына ылайык, орус тилдүү, жаш курагы 18ден 30га чейинки чет элдик жарандар мындан ары беш жылдык контракттын негизинде Орусиянын куралдуу күчтөрүндө кызмат өтөй алышат.

Аскерий аналитиктердин айтымында, буга чейин чет элдиктер орус жарандыгын алуу менен, же атайын документтердин негизинде гана кызмат өтөп келишкен. Алардын көбү мурдагы советтик өлкөлөрдөгү орус аскерий жайларына жиберилчү.

2-январда күчүнө кирген жарлыкка ылайык, контракттык негизде кызмат өтөгөн чет элдик жарандар башка аймактардагы аскерий операцияларга тартылышы мүмкүн.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG