Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:18

Стамбулда жанкечтинин жардыруусунан бир адам набыт кетти


Стамбулдун борборундагы полиция кеңсесиндеги жардырууну жанкечти аял ишке ашырганын шаар губернатору Васип Шахин билдирди.

Шахиндин айтымында, жардыруудан бир полиция кызматкери набыт кетип, экөө оор абалда ооруканага жеткирилди. Кол салуу үчүн жоопкерчиликти эч ким ала элек.

Бир нече күн мурда өлкөдө тыюу салынган топтордун биринин мүчөлөрү Стамбулдагы премьер-министрдин кеңсесинин жанында полиция кызматкерлерине кол салганы маалым болду.

XS
SM
MD
LG