Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:22

Ооган президентинин шайланганына 100 күн болду


Ашраф Гани мамлекет башчылыкка шайланганынын 100 күндүгүн жаңы өкмөт куроонун үстүндө 6-январда белгиледи. Анын Абдулла Абдулла менен кошо министрлер кабинетин куроо аракети улам жокко чыгууда. Буга талиптердин аракети жол бербей жатат. 29-сентябрда бийликке келген Ашраф Гани өлкөнүн тынчтыгы үчүн президенттикке ат салышуудагы өзүнүн атаандашы Абдулла Абдулла менен чогуу өкмөт куроо тууралуу келишимге кол койгон болчу.

Талиптердин жаңы жылдан кийинки жардырууларынан соң ооган президенти АКШ бийлигинен “Чечкиндүү колдоо” миссиясынын мөөнөтүн карап чыгууну сураган. Ага 5-январда Пентагон жок деп жооп берди.

Ооганстандагы антитеррордук күчтөр 1-январга чейин өлкөдөн чыгып кеткен. Алардын ордуна 13 500 аскерден турган “Чечкиндүү колдоо” миссиясы эки жылдык мөөнөт менен калган.

Аталган миссиянын негизги көңүлү ооган күчтөрүн машыктырууга бурулуш керек. Ага ылайык, коопсуздук жана аскерий операциялар үчүн негизги жоопкерчилик 350 миң колдуу ооган армиясына өттү.

XS
SM
MD
LG