Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:56

Социалдык өнүктүрүү министри Баткенде эл менен жолугушту


Жаңы жылдык майрам күндөрү социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев Баткендин чек арадагы айылдарын кыдырып, жергиликтүү тургундар менен жолугушту. Жолугушууларда пенсия, пособия алуучулар, майып адамдар, көп балалуу жана жакыр жашаган үй-бүлөлөрдүн өкүлдөрү министрге өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, жооп ала алышты деп маалымдайт Социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы.

Социалдык өнүктүрүү министрлиги өткөн жылы жөлөк пул алуучулардын санын 29 миңге кыскартканын маалымдоодо.

Кыргызстанда пенсиянын орточо эсеби 4400 сом. Ал эми жакыр жашаган үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн берилүүчү жөлөк пул 490 сом.(ZKo)

XS
SM
MD
LG