Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:09

Ысык-Көл облусунда акушер-гинекологдор жетишсиз


Ушундан улам район борборлорунан алыс жайгашкан айылдардагы чакан төрөтканалар жабылууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” Саламаттык сактоо министрлигинин Ысык-Көл облусу боюнча координатору Эсенбек Сатылганов билдирди. Анын айтымында, чакан төрөтканаларда талапка жооп берүүчү жабдуулар жок, андан да башкы, эң көйгөлүү маселе – акушер-гинекологдордун жоктугу.

Өткөн жылы эле Ысык-Көл облусунда бешке жакын чакан төрөт үйү жабылды. Ак-Суу районунун социалдык бөлүмүнүн башчысы Гүлнара Орозбаеванын айтымында, ага тийиштүү райондогу Боз-Учук айылындагы төрөт бөлүмүн да жабууга өкмөттөн токтом келген. Ага себеп ал жактагы штатты кармоого өкмөттөн көп каражат сарпталууда деп айтылган. Бирок элдин суранычы боюнча ал айылдагы төрөт бөлүмү учурда иштеп жатат.(MK/ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG