Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:52

Бээжин менен Алматы 2022-жылкы кышкы олимпиада үчүн ат салышат


2022-жылкы кышкы олимпиаданы өткөрүүгө талапкер болуп, коңшулаш эки өлкөнүн шаарлары калды. Эки шаар тең олимпиада оюндарын өткөрүүгө байланыштуу долбоорлору жазылган “сунуштар китебин” Эл аралык олимпиада комитетине тапшырышты.

2022-жылкы кышкы олимпиада оюндарын өткөрүүгө талапкерлигин Стокгольм, Осло сыяктуу дүйнөнүн алты шаары көрсөткөн. Алардын ичинен тандалып отуруп, Бээжин менен Алматы калды. Эл аралык олимпиада комитетинин мүчөлөрү февраль айында бул шаарларды кыдырып, кышкы олимпиада өткөрүү мүмкүнчүлүгүн байкашат. Ал эми 31-июлда жеңүүчүсүн жарыялашат.

2014-жылы кышкы олимпиада оюндары Орусиянын Сочи шаарында өткөн. Аны уюштурууга 51 млрд. доллар коротулган. Мунун артында орус аткаминерлеринин коррупциясы турат деген пикирлер айтылган. Укук коргоочулар Cочидеги олимпиадалык объекттердин курулушунда жумушчу мигранттарды иштетип, маянасын төлөбөй коюу, полициянын мыйзамсыз кармап кетүүсү, айлыгын төлөбөй туруп, кууп жиберүү же депортациялоо сыяктуу фактыларды айтып чыгышкан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG