Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:34

Кара-Сууда жоголгон жаш келин табылбай жатат


Кара-Суу районунда Ферузабону аттуу 20 жаштагы жаңы келген келин чак түштө үйдөн чыккан бойдон дайынсыз жоголгон. Окуя Жаңы жылга төрт күн калганда болгон. Бирок азыркыга чейин жоголгон келиндин дайыны чыкпай, туугандарын түйшүккө салууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” Кара-Суу райондук ИИБден билдиришти.

Буга чейин Кара-Суу районунан Адинабону аттуу 9 жаштагы кыз жоголуп, ушул кезге чейин дайыны билине элек. Кара-Суу районунда буга чейин келиндерди уурдоо аракети болуп жатат деген имиштерге себеп болгон эки факты катталган. (YI)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG