Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:23

Епископ: Радикал христиан агымдары менен күрөшүү зарыл


Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстандагы орус православ чиркөөсүнүн эпискобу Даниил билдирди. Анын айтымында, мамлекет ислам дининдеги гана радикал агымдар менен күрөшпөстөн, христиан дининен бөлүнүп чыккан секталардын ишмердүүлүгүн да көзөмөлгө алышы кажет.

- Диний радикализм жалпыбыздын көйгөй. Ал христианчылыкта, православдарда да жок эмес. Биз ар кандай туура эмес иш жүргүзгөн секталардан жабыркап жатабыз, - деди эпископ.

Бүгүн Кыргызстандагы ортодокс христиандар (православдар) Иса пайгамбардын туулган күнүн белгилеп жатышат. Бул майрамды негизинен православ христиандары тосушат. Бул динди өлкө тургундарынын он пайыздан ашууну тутунушат, башкача айтканда Кыргызстандагы орус, украин, беларус улутундагылардын басымдуу бөлүгү православдар. Совет доорунан бери эле христианчылык Кыргызстанда исламдан кийинки орундагы негизги дин катары саналат. (UEz/TSh)

XS
SM
MD
LG