Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:20

Йемендеги жардырууда ондогон киши набыт болду


Йемендин баш калаасы Санада бүгүн машинадагы бомба жарылганда 30 чакты кишинин каны төгүлүп, 50дөн ашыгы жараат алды.

"Дүңк эткен жардыруунун добушу чыкты. Чуркап келсек, полиция окуу жайында машина жарылыптыр. Ал кезде кадеттер коллежден чыгып жатышкан экен. Өлгөндөрдүн көбү ошолор болду", - деди күбөлөрдүн бири.

Жардыруу үчүн жоопкерчиликти эч ким өзүнө ала элек. Буга чейинки жардырууларды Араб жарым аралындагы "ал-Каида" тобу уюштургандыгын мойнуна алып келген.

1-январда да Ибб шаарында Хоиси шийит исламдык согушкерлерин бутага алгандыгы болжолдонгон жанкечтинин жардыруусунда аз дегенде 26 кишинин каны төгүлгөн эле. Хоуси шийит согушкерлери Санаа шаарын сентябрда басып алып, андан бери дагы башка аймактарга кирип барышты. (jch)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG