Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:24

Орусиячыл хакерлер немис өкмөтүнө каршы кибер-чабуул жасаганын жарыялашты


Өздөрүн "Кибер Беркут" деп атаган топ Берлинден украин өкмөтүнө каржылык жана саясий колдоо көрсөтүүнү токтотууга чакырды.

«Беркут» деп аталган атайын полиция тобун былтыр экс-президент Виктор Янукович Киевде демонстранттарга каршы колдонгон эле.

Германиянын канцлери Ангела Меркелдин маалымат катчысы Штефен Зайберт бүгүн жергиликтүү убакыт менен эртең мененки 10до башталган хакердик кол салуудан кийин өкмөттүк интернет сайттарга кээде кирүүгө мүмкүн болбой жаткандыгын билдирди.

"Кибер Беркуттун" сайттарга биз кол салдык деген ырастоосун көз карандысыз тастыктоо мүмкүн болгон жок.

Украинанын өкмөт башчысы Арсений Яценюк бүгүн Берлинде Германиянын президенти Йоахим Гаук менен жолугушууда. (jch)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG