Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:52

"Азадлыгдын" кызматкерлеринин электрондук почталары сындырылган


"Эркин Европа/Азаттык" үналгысынын азери кызматынын Бакудагы журналисттери алардын почталарынан башка бирөөлөр кат жиберип жатышканын айтышууда.

26-декабрь күнү Азербайжандын Башкы прокуратурасы радионун Баку бюросун тинтүүгө алып, андан соң кеңсени жаап кеткен. Кеңсенин мөөрү, уюмдун документтери, компьютерлер жана башка жабдыктар тартылып алынган. Башкы прокуратура өкүлдөрү тинтүү сырттан каражат алган коммерциялык эмес уюм катары “Азадлыгдын” ишмердүүлүгүн иликтөөнүн алкагында жүрүп жатканын айтышкан.

Андан бери радионун журналисттери улам бири суракка чакырылууда. 7-январда Имишли аймактык прокуратурасы "Азадлыгдын" аймактык журналистин 8-январга суракка чакырган.

XS
SM
MD
LG