Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:53

2017-жылы электр энергиясы үчүн төлөнгөн акча чыгашаны толук жабат


Бул тууралуу энергетика министри Кубанычбек Турдубаев өлкөнүн энергосистемасын өнүктүрүү жөнүндө жазган божомолунда билдирди. Анын айтымында, жакынкы эки жыл ичинде электр энергиясын колдонуу 15% өсөт, ошол эле учурда аны колдонууга төлөнгөн акы электр энергиясын иштеп чыгууга, ташууга жана бөлүштүрүүгө кеткен чыгашаны толугу менен жаба алат. Министр буга электр энергия баасынын көтөрүлүшү менен чогулган акчанын көлөмү көбөйүшү негиз берет деп эсептейт.

К. Турдубаевдин маалыматы боюнча, 2014-жылы керектөөчүлөрдөн 8 млрд. 345 млн. сом чогулган болсо, быйыл анын көлөмү 9 млрд. 121 млн.болот. Келерки жылы 10,5 млрд. сомдон ашат деп болжолдонуп жаткан каражат 2017-жылы 12 млрд. сомдон ашып түшмөкчү.

Айрым адистер болсо бул аралыкта инфляциянын өсүшү менен электр энергиясын иштеп чыгууга, ташууга жана бөлүштүрүүгө кетүүчү чыгаша да көбөйөрүн белгилешет. Ошондой эле алар электр энергиясын уурдоого байланыштуу коррупция эки жыл аралыгында тыйылып калуусуна кепилдик жоктугун айтышат.

Кыргызстанда электр энергиясынын өздүк баасы 35 тыйындан 42 тыйынга чейин деп бааланган. Ал эми керектөөчүлөр 700 кВт саатка чейин колдонулган ар бир кВт саат үчүн 70 тыйындан, андан көп колдонгон болсо 1 кВт саат электр энергиясы үчүн 2 сом 5 тыйындан төлөшөт. (ZKo)

XS
SM
MD
LG