Линктер

бейшемби, 19-январь, 2017 Бишкек убактысы 04:30

Ооганстанда кол салуудан сот жана жолчулар набыт болушту


7-январь таңында Жалал-Абад провинциясындагы жардыруудан коңшулаш Лагман провинциясында сот болуп иштеген Мухамед ал-Хасан набыт болуп, эки баласы жаракат алды. Полициянын маалыматына ылайык, жардыргыч зат байланган автоунаа соттун унаасына жакын келип жарылган. Полиция муну алдын ала атайын даярдалган деп билдирүүдө.

Ошол эле күнү Ооганстандын түндүгүндөгү Баглан провинциясында жол куруп жаткан алты жумушчу өлтүрүлүп, бирөө жаракат алган. Азырынча бул жардыруулар үчүн жоопкерчиликти эч ким мойнуна ала элек.

АКШ баштаган антитеррордук күчтөр Ооганстандан чыгып кеткенден кийин талиптердин чабуулу көбөйгөнү айтылууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG