Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:38

Ошто УКМКнын алдында нааразычылык акциясы өттү


Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн алдына отузга жакын аксакал чогулуп, Мелис Мырзакматов, Садыр Жапаров жана Нариман Түлеев сыяктуу саясатчыларга бийлик тарабынан куугунтуктоолор токтотулсун деп талаптарын билдиришти.

Чогулгандар Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын Ош облусундагы өкүлчүлүгүнө кайрылуу тапшырышты. Кайрылууда жогорудагы аты аталган саясатчылардын тергөө иштери ачык-айкын жүрүшү талап кылынган жана электр энергиясынын баасын көтөрүүгө каршы болуп жаткан нарындыктарды колдой тургандыктары жазылган. (TSh/ IY)

XS
SM
MD
LG