Бул тууралуу мелдештин уюштуруучулары билдиришти. 3-январда Бишкекте башталган оюндарга Кыргызстан жана Казакстандан 46 команда катышты. Байгелер төрт топто ойнотулууда.
Финалдык таймаштар бүгүн түштөн кийин саат 14:00до башталат.
Мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери арасындагы финалда Саламаттыкты сактоо министрлиги менен Мамлекеттик салык кызматынын командалары беттешет. 35 жаштан жогорку курактагы ардагерлер арасында «Алга-Фарватер» (Казакстан) менен «Налоговик» (Кыргызстан) командалары ойнойт. 45 жаштан жогоркулар арасында «Мегаком» менен «Азия Данко» биринчи орун үчүн ат салышат. Күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери арасында жеңүүчү 5-январда эле белгилүү болгон. Алтын байгени Куралдуу күчтөрдүн башкы штабынын оюнчулары жеңишкен.
Жеңүүчүлөргө сыйлык тапшыруу аземи Кожомкул атындагы спорт ордосунда бүгүн саат 17:00до болот. (Ech)