Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:59

Элчи Жумабаев Сауд Арабия парламентинин жыйынына катышты


Кыргызстандын Сауд Арабиядагы элчилигинин билдиришинче, 6-январда Мажлис Аш-Шуранын 6-сессиясына Кыргызстандын элчиси Абдилатиф Жумабаев катышты. Сессияны мураскор ханзаада Салман бин Абдел Азиз ал-Сауд ачып, Сауд Арабия падышасынын атынан мамлекеттин ички жана тышкы саясаты тууралуу сѳз сүйлѳдү.

Ханзаада Салман өз сѳзүндө Падышалыктын экономикасын кубаттандыруу, мунайдын баасы түшүп жаткан шартта бюджетти бекемдѳѳ, терроризм менен күрѳшүү, ислам баалуулуктарын жана аялдардын мамлекеттик башкаруудагы ролун колдоо, ошондой эле куралдуу күчтѳрдүн тышкы коркунучтарга каршы турууга даярдыгын жана чет өлкөлөр менен эки тараптуу мамилелерди жакшыртуу зарылдыгына токтолгон.

Сессияга Сауд Арабия Падышалыгындагы чет элдик дипломаттар да катышкан. (TSh)

XS
SM
MD
LG