Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:51

Сузактагы өрттөн бир үй толугу менен күйүп кетти


Сузак районунун Жерге-Тал айылындагы Султан Токтогуловдун үйүндө 4-январь түнү өрт чыгып, беш бөлмөлүү турак жай толугу менен күйүп кеткен. Бул тууралуу "Азаттыкка" Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустук Өрткө каршы күрөшүү башкармалыгынын башчысы Чынарбек Шекенов билдирди. Кырсык электр зымдарынын туура эмес жайгашуусунан улам келип чыккан. Жалпысынан бул үй-бүлө эч нерсеси жок куржалак калып, 3,5 млн. сомдук чыгымга учурады. Жергиликтүү бийлик тарабынан аларга убактылуу батир берилди жана коңшулары кийим-кечектен көмөк көрсөтүштү.

Облус аймагында 2014-жыл ичинде 537 өрт кырсыгы катталып, андан төрт адам каза болсо, жалпысынан 52 млн. сомдук зыян алып келген. Ал эми быйыл жети күндүн ичинде облуста 11 өрт катталды. (RsK)

XS
SM
MD
LG