Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:59

АКШ баштаган коалиция “Ислам мамлекети” тобуна беш миңдей бомба таштады


"Ислам мамлекети" тобунун Сирияда аба соккусу урулган жайы. 23-сентябрь, 2014-жыл.
"Ислам мамлекети" тобунун Сирияда аба соккусу урулган жайы. 23-сентябрь, 2014-жыл.

АКШ Коргоо министрлиги билдиргендей, былтыр август-сентябрдан бери “Ислам мамлекети” тобунун Ирак менен Сриядагы үч миңден ашуун бутасына сокку урулду.

Жалпысынан беш миңге жакын бомба ташталып, натыйжада аталган топтун 58 танкасы, 210 брондуу, 300дөй жүк ташуучу унаасы, 400гө жакын башка транспорту керектен чыгарылган.

Бул аскерий техниканын басымдуу бөлүгүн согушкерлер былтыр жайкы чабуулу учурунда Ирактын армиясынан тартып алган эле.

Америкалык аскерий өкүлдөрдүн ырастоосунда, аба соккулары “Ислам мамлекети” тобунун Иракта алга жылышын токтотту, алардын чийки мунайды сатуу түйүнүн бузду. (UE)

XS
SM
MD
LG