Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:24

Париждин чет жакасында полицей аял окко учту


Окуя бүгүн Франциянын борборунун түштүк ыптасында болгон.

“Франц Пресс” агенттиги полициядагы булактарына шилтеме жасап кабарлагандай, бронежилет кийген адам автоматтан ок ачканда, полицей аял каза таап, дагы бир киши оор жаракат алды.

Ок атылган жерге келген ички иштер министри Бернард Казнөвдин айтымында, кылмышкер али кармала элек.

Бүгүнкү ок атуунун кечээ Парижде “Шарли Эбдо” сатиралык журналына жасалган кол салууга байланышы бар-жогу азырынча белгисиз.

Француз полициясы исламчыл согушкерлерден шек санаган кечээги кандуу чабуулда он эки кишинин өмүрү кыйылды. (UE)

XS
SM
MD
LG