Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:51

Тажикстан: уурдалган чек арачылардын аты-жөнү ачыкталды


Тажик чек арачылары Ооганстандагы белгисиз топ тарабынан өткөн айда уурдалганы кабарланган. Бирок тажик бийликтери уурдалгандардын ысымдарын бүгүн гана ачыктап, алар Ооганстанда экенин ырастады.

Хатлон облустук прокуратурасы бүгүн билдиргендей, төрт чек арачы: Фарход Калонов, Сирож Давлатов, Тойчибой Нурбоев, Мехрож Шодиевдин уурдалышына байланыштуу алар кызмат өтөгөн бөлүктүн командири Аймухаммад Додохалоновго шалаакылыгы үчүн айып тагылды.

Тажикстандын чек ара күчтөрүнүн кол башчыларынын бири, генерал Ражабали Рахмонали үч күн мурда “Азаттыктын” тажик кызматы менен маегинде чек арачыларды уурдап кеткендер 9 миллион доллар кун сурап жатат деген маалыматтарды төгүндөп, алар “жакын арада бошотуларын” белгилеген. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG