Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:30

Париждеги кандуу чабуул үчүн эки бир тууган изделүүдө


Бир тууган Куашилердин француз бийликтери издөө үчүн жарыялаган сүрөттөрү.
Бир тууган Куашилердин француз бийликтери издөө үчүн жарыялаган сүрөттөрү.

Француз күч кызматтары азыр кол салууну жасады деген шек менен бир туугандар Шериф жана Саид Куашини издеп жатышат.

Алар жүрүшү ыктымал деген маалыматтардан улам бүгүн француз полициясы Париждин түндүк-чыгышындагы шаарчага тик учактардын коштоосунда барды.

Мунун алдында Вилер-Котре деген шаарчада жакшы куралданган эки адам бензин куйуучу жайды тоноп, боз түстөгү Renault Clio маркасындагы унаа менен качып кетер алдында ок чыгарышканы кабарланган.

Кылмышка шектүүлөр кечээ “Шарли Эбдо” журналынын редакциясына кол салып, он эки адамды өлтүргөн соң дал ушундай маркадагы унааны айдай качышкан.

Премьер-министр Мануэль Вальстын айтымында, Парижде туулуп өскөн бир тууган Куашилер чалгын кызматтарына жакшы белгилүү жана кол салууну алар жасагандыгында күмөн жок.

Куашилердин кичүүсү, 32 жаштагы Шериф 2008-жылы Иракка согушкерлерди жөнөтүү ишине аралашканы үчүн айыпталып, бир жарым жыл түрмөдө олтуруп чыккан.

Саид Куашинин бул ID карты алар таштап кеткен унаадан табылган.
Саид Куашинин бул ID карты алар таштап кеткен унаадан табылган.

Полиция өткөн түндөн бери шектүүлөргө тааныштыгы бар жети аял-эркекти кармап, суракка алган.

Бүгүн Париждин чет жакасында бронжилет кийген адам автоматтан ок ачканда, полицей аял каза таап, дагы бир киши оор жаракат алды. Бирок бул окуянын кечээги чабуулга байланышы бар-жогу азырынча белгисиз. Коңшу Британиянын бийликтери Франция менен чек арасында көзөмөлдү күчөткөнүн билдиришти.

“Шарли Эбдо” сатиралык журналына кеңсесине жасалган чабуул Франциянын акыркы ондогон жылдардагы тарыхындагы эң кандуу окуя катары бааланууда. Өлкөдө бүгүнтөн тарта үч күнгө аза күтүү жарыяланды.

Француз президенти Франсуа Олландга бүгүн кыргыз президент Алмазбек Атамбаев да көңүл айтты. (UE)

XS
SM
MD
LG