Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:29

Ооган президенти Париждеги редакцияга кол салууну айыптады


Ашраф Гани 8-январда Франциянын президенти Франсуа Оландга “Шарли Эбдо” журналынын редакциясына болгон кол салууга байланыштуу көңүл айтып, бул окуяны “күнөөсүз, коргоосуз адамдарды өлтүрүү - жексур террордук акт, буга эч кандай актоо болуусу мүмкүн эмес” деп айтты. Ооган президенти “террорчулук жалпы дүйнөнүн жана адамзаттын коркунучу” деп билдирип, ага каршы биргелешип аракеттенүүгө чакырды.

Ашраф Гани Ооганстандын президенттигине өткөн жылы сентябрь айында шайланган. Ооганстанда талиптердин чабуулдары НАТОнун миссиясы аяктаган 1-январдан бери кайрадан күчөөдө. НАТО жана АКШнын аскерлери Ооганстанга 2001-жылы 11-сентябрдагы Нью-Йорк шаарындагы чабуулдан кийин кирип, талиптерди бийликтен кууган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG