Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:45

Электр жарыгы үчүн жеңилдиктерди жогорулатуу каралып жатат


Бул тууралуу Энергетика министрлигинин өкүлдөрү өткөргөн маалымат жыйынында белгилүү болду. Учурда кыргыз өкмөтү электр жарыгы үчүн кыш мезгилинде тоолуу аймактардагы ар бир түтүнгө берилүүчү 714 сом жеңилдикти жогорулатуу каралып жатат. Бул боюнча комиссия түзүлүп, алдын ала эсептөө боюнча ал жеңилдиктерге 300 миллион сом керектелет. Бирок Каржы министрлигинде буга каражат каралган эмес.

Буга чейин электр энергиясынын баасынын кымбатташына нааразы болгон нарындыктар эки жолу митингге чыгышкан. Алар электр энергиясына чектөө болбосун деген талап коюшкан.

Бүгүнкү маалымат жыйында февралдан тарта электр энергия арзандай тургандыгы маалым болду. (EBM/TSh)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG