Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:15

ОшМУнун окутуучулары маркум узатуунун үнөмдүү түрүнө өтүүдө


Ош Мамлекеттик университетинин окутуучулар жамааты маркумду жерге узатуу чыгымдарынан баш тартышты. Бул тууралуу “Азаттыкка” ОшМУнун педагогика бөлүмүнүн башчысы Адылбек Батыралиев билдирди. Анын айтымында, окуу жай жетекчилиги маркумду узатуу каадаларын кыскартуу тууралуу жобо кабыл алган. Учурда ал жобо окутуучулар тарабынан аткарыла баштады. Мисалы, бүгүн ОшМУнун тарбия департаментинин башчысы Замирбек Божонов ошол үнөмдөө жобосунун негизинде апасын жерге узатты. Маркумдун жакындарына көңүл айтууга келгендер куран окутуп, көңүл айтып, боз үйдүн ичине бир үстөлгө жасалган тамактардан ооз тийип гана чыгып жатышат.

Буга чейин маркумду узатууда көңүл айтууга келгендер үчүн жылкы союлуп, кафе, ресторанда дасторкон жасалчу. Кафенин кире беришине атайын кассир дайындалып, келгендердин салымдары жазылды. (YI)

XS
SM
MD
LG