Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:23

Кытай Латын Америкасына 250 миллиард доллар инвестиция салат


Кытай Латын Америка өлкөлөрүнө жакынкы он жыл аралыгында 250 миллиард доллар инвестиция салууну пландап жатат. Бул тууралуу бүгүн Бээжинде аяктаган эки күндүк форумда айтылды. Ага Кытайдан тышкары Латын Америкасы жана Кариб мамлекеттеринин биримдигине кирген 33 өлкөнүн лидерлери катышты. Шаркетке АКШ жана Канада кирбейт.

Кытай акыркы кездерде бул регион менен кызматташуусун арттырууга аракет көрүп келатат. Бейшембиде жыйынды ачып жатып, Кытайдын президенти Си Цзинпин тараптардын энергетика, курулуш, айыл чарба, технология чөйрөсүндөгү алакаларын белгилей кетти. Алсак, дүйнөнүн экинчи ири экономикасы болгон Кытай Венесуэладан мунай, Перу менен Чилиден жез, Аргентина менен Бразилиядан соя сатып алат. Кызматташуу Латин Американын айрым өлкөлөрү Тайванды таанып, дипломатиялык мамилелерди орнотконуна карабай уланууда.

XS
SM
MD
LG