Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:47

Оштогу банктар кардарларына рубл сата албай жатышат


Оштогу коммерциялык банктардын көбү кардарларына акчаны рубль түрүндө бере албай жатышат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош шаарынын тургундары кабарлашты. Алар Оштогу бир нече банкты кыдырып, Орусиядагы туугандарынан которулган акчаны рубл түрүндө ала албай жатканын кабарлашкан.

Улуттук банктын Ош облустук башкармалыгынын банктарды көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Чыңгыз Исманов Улуттук банк рублди сатууну чектөө тууралуу эч кандай көрсөтмө бербегенин билдирди. Анын айтымында, айрым банктарда орус валютасынын калбай калганы табигый көрүнүш. Анткени Орусиядагы мигранттардан которулган акчанын көлөмү азайып кетип, айрым банктардын кассасында рубл калбай калган. Мындан тышкары элдин орус валютасынын баасынын көтөрүлүүсүн күтүп, рублди сатпай жатканы да буга себеп болушу мүмкүн. "Бул тенденция көпкө созулбайт" деди Исманов. (YI)

XS
SM
MD
LG