Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:24

Евробиримдик терроризмге каршы күрөштү талкуулайт


Еврокеңештин төрагасы Дональд Туск Евробиримдиктин кийинки саммитинин күн тартибине терроризмге каршы күрөш боюнча маселени киргизүүнү сунуштады. Мындай сунуш Париждеги “Шарли Эбдо” (Charlie Hebdo) сатиралык журналына кол салуудан соң көтөрүлүүдө.

Бүгүн Ригада сүйлөп жатып Туск 12-февралда өтчү Евробиримдиктин өлкө башчыларынын саммитинде Парижде орун алган “варвардык” чабуулдарга каршы туруунун чараларын талкуулоо зарылдыгын билдирди.

Парижде “Шарли Эбдо” (Charlie Hebdo) сатиралык журналына 7-январдагы кол салууда 12 кишинин өмүрү кыйылган. Француз полициясы кол салуу жасады деген шек менен бир туугандар Шериф жана Саид Куаши шектелип жатканын билдирип, өлкөдө үч күндөн бери аларды издөө иштери жүрүп жатат.

Бүгүн кылмышка шектүүлөр Парижден алыс эмес жерде кеминде бир адамды барымтага алганы кабарланды. Учурда аларды кармоо операциясы уланып жатат.

XS
SM
MD
LG