Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:08

Франция: кол салууга шектүүлөрдү кармоо операциясы уланууда


Францияда полиция "Шарли Эбдо" (Charlie Hebdo) сатиралык журналына кол салууга шектелген бир тууган Куашилерди кармоо операциясын улантууда.

Полиция алар кеминде бир адамды барымтага алганын кабарлоодо. Операция Париждин түндүк-батышындагы Даммартэн-ан-Гёль районунда жүрүп жатат. Районго жакын жайгашкан Шарль Де Голл аэропортундагы каттамдар токтотулду. Жакын жерлердеги мектептер жабылды. Буга чейин атышуу учурунда каза болгондор бар деген маалымат төгүндөлдү.

Париждеги “Шарли Эбдо” (Charlie Hebdo) сатиралык журналына 7-январдагы кол салууда 12 кишинин өмүрү кыйылган. Алардын сегизи журналисттер эле. Дагы 11 адам жараат алган. Алардын төртөөнүн абалы оор деп айтылып жатат.

Алжирден Парижге көчүп келген үй-бүлөдө төрөлгөн Саид жана Шериф Куаши басылмада жарык көргөн Мухаммед пайгамбардын карикатурасы үчүн өч алган болушу мүмкүн деп болжолдонууда.

XS
SM
MD
LG