Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:47

Сокулуктун тургунун айылдаштары сабап өлтүрүшкөн


Бул тууралуу “Азаттыкка” Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын өкүлү Нурбек Токтосунов билдирди.

8-январда эртең менен Конуш айылынын тургуну, 43 жаштагы А.Н. аттуу адамдын сөөгү өз үйүндө табылган. Кылмышка шектелип ушул эле айылдын алты тургуну камакка алынды.

Милициядан билдиришкендей, шектүүлөр маркумду катуу сабашкан. Кармалгандардын айтымында, чатак өз ара пикир келишпестиктен улам чыккан. (AiA/TSh)

XS
SM
MD
LG