Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов аталган түзүмдүн терроризм менен күрөшүнө арналган маалымат жыйынында билдирди. 2014-жылы терроризмге байланышкан 137 кылмыш иши козголуп, 76 иш тергелип, сотко жиберилген.
УКМК жергиликтүү бийлик, жарандык коом жана дин кызматкерлери менен бирге жыл ичинде 600дөн ашык түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн. Сирияга кеткендердин басымдуу бөлүгү 16-20 жашта болгондуктан түшүндүрүү иштери негизинен жаштарга багытталган.
Сирияга аттанган кыргызстандыктар тууралуу алгачкы маалыматтар чыга баштагандан бери 200дөн ашык кыргыз жараны согуштук аракеттер жүрүп жаткан Сирияда экени аныкталган. (YI)