Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:23

Ирандын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүү өтөт


Иран жана АКШнын бийлик өкүлдөрү өзөктүк программа боюнча сүйлөшүү өткөрүү үчүн кийинки аптада Женевада жолугат. Кошмо Штаттардын мамлекеттик департаменти кабарлагандай, 15-17-январда өтчү сүйлөшүүгө мамлекеттик катчынын орун басары Уэнди Шерман жетектеген америкалык делегация катышат. Евробиримдиктин өкүлү Хельга Шмидт да бул сүйлөшүүлөргө катышат.

Ирандык мамлекеттик маалымат каражаттары 14-январда тышкы иштер министри Жавад Зариф менен АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керринин жолугарын жазып чыккан. АКШ мындай маалыматты тастыктай элек.

АКШ, Франция, Британия, Германия, Кытай жана Орусия кирген алтылык менен Ирандын ортосунда өзөктүк программа боюнча сүйлөшүүлөр узак убакыттан бери уланып келет. Батыш Иран өзөктүк программа алкагында ядролук курал өндүрүп жатат деп шектенет. Бирок Иран мындай маалыматты четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG