Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:38

Франция: шектүү ага-ини өлтүрүлгөнү кабарланды


Француз полициясы "Шарли Эбдо" (Charlie Hebdo) сатиралык журналына кол салууга шектелген бир тууган Куашилер атайын операция маалында окко учуп өлгөнүн кабарлады. "Ал-Каида" уюму менен байланышы бар деп шектелген эки бир тууган Франциянын түндүк тарабындагы чакан калаада басмакананын бирине жашырынып, бир адамды барымтага алышкан. Бир нече сааттан бери басмакана имаратынын айланасында атышуу угулуп жатат деп кабарлаган француз маалымат каражаттары.

Шаар тургундарына сыртка чыкпоо буйругу берилип, жакын жердеги мектептер жабылган.

Ошол эле учурда Париждин чыгышындагы Порт-де-Винсен аймагында барымтага алгандарды бошотуу операциясы башталганы кабарланды. Бул жакта эки адам дүкөнгө кирип ок ачкан. Андан эки адам каза болуп, алты адам барымтага алынганын маалымат каражаттары жазып чыккан.

Полиция кылмышка шектүүлөр 32 жаштагы Амеди Кулибали жана 26 жаштагы Хаят Бумеддиен болушу мүмкүн деп божомолдоп жатат. Бул адамдар 8-январда Париждеги полиция кызматкерин өлтүрүүгө шектелип жатышкан эле.

XS
SM
MD
LG