Париждин чыгышындагы барымтадагыларды бошотуу операция учурунда кылмышка шектүү өлтүрүлдү. Бул тууралуу француз маалымат каражаттары жазып чыкты. Ал эми барымтага алган адамдардын тагдыры тууралуу азырынча маалымат жок.
Кылмышкерлер Порт-де-Винсен аймагындагы дүкөнгө кирип ок ачкан. Кеминде алты адам барымтага алынган.
Полиция кылмышка шектүүлөр 32 жаштагы Амеди Кулибали жана 26 жаштагы Хаят Бумеддиен болушу мүмкүн деп болжолдоп жаткан. Бул адамдар 8-январда Париждеги полиция кызматкерин өлтүрүүгө шектелип жатышкан эле.