Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:34

Франциянын президенти элди биримдикке чакырды


Франциянын президенти Франсуа Олланд 9-январда теле аркылуу кайрылуу жасап, түзүлгөн кырдаалда биримдикте болууга чакырып, сак болуу зарыл экенин белгиледи.

“Биримдик учурда эң мыкты куралыбыз, баарыбыз бөлүнүүгө каршы турушубуз керек”, - деген президент расизмге жана антисемитизмге жол берилбеш керектигин кошумчалады.

Президент кайрылууну француз полициясы "Шарли Эбдо" (Charlie Hebdo) сатиралык журналына кол салууга шектелгендер атайын операция маалында жок кылынгандан кийин жасады. (TSh)

XS
SM
MD
LG