Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:37

Францияда он миңдеген адам эскерүү жүрүшүнө чыкты


10-январда Франциянын шаарларында жалпысынан 200 миңден ашуун адам көчөгө чыгып, Париждеги терактта курман болгон Charlie Hebdo сатиралык журналынын кызматкерлерин жана андан кийинки чабуулда набыт кеткендерди эскеришти.

Он миңдеген адамдын катышуусундагы акциялар Нант, Тулуза, Орлеан, Безансон, Ницце, Лилль шаарларында өттү.

Ишембидеги жүрүш бүгүн Парижде француз президенти Франсуа Олланд, Германия канцлери Ангела Меркель, британ премьери Дэвид Кэмерондун катышуусунда өтө турган миллиондор жүрүшүнүн башталышы болду.

Миллиондор маршына Бельгиянын, Дания, Италия, Испания, Нидерланды, Түркиянын премьер-министрлери, Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров, АКШ башкы прокурору Эрик Холдер катышары белгилүү болду. Ошондой эле Евробиримдик менен НАТОнун жетекчилиги катышуу ниетин билдиришкен.

Шаршемби күнү башталган куралдуу үч кылмышкердин чабуулу 17 адамдын өмүрүн кыйды. Тергөө ал кылмышкерлер ислам динин жамынган радикал жоочулар экенин айтууда. Мухаммед пайгамбардын карикатурасын тартып, чоң талашка жем таштаган Charlie Hebdo журналынын редакциясына болгон алгачкы чабуулда 12 адам мерт болду. Алардын 8и журналист, экөө полициячы. Жума күнү полициянын рейди учурунда үч жоочу жок кылынды. Учурда полиция алардын мүмкүн делген кызматташтарын издеп жатат.

XS
SM
MD
LG