Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:45

Венесуэла менен Иран мунайдын арзандашына каршы бирге күрөшөт


Иран Венесуэла менен биргеликте мунайга болгон баанын төмөндөшүнө каршы күрөшөт. Бул тууралуу Ирандын жогорку лидери Аятолла Али Хаменейи Венесуэла президенти Николас Мадуро менен кечээ Тегеранда жолугушканда билдирди.

Хаменейи мунай баасынын кескин түшүп кетишин базардагы жагдайга байланбаган саясий чечим, “кызыктай көрүнүш” деп атады. Анын оюнча биржалардагы котировкалардын төмөндөшү Венесуэла менен Ирандын “жалпы душмандарынын” кутуму.

Мадуро учурда мунай экспорттоочу өлкөлөрдү кыдырып жүрөт. Ал кечээ Тегеранга келген. Венесуэла да мунай экспорттоочу өлкө.

Мадуро Иран президенти Хасан Роухани менен да жолукту. Анда Роухани эки өлкө дүйнөлүк державалардын стратегиясына каршы турууда, 2015-жылы мунайдын баасын тиешелүү деңгээлге көтөрүүдө кызматташары айныксыз экенин билдирди.

Өткөн жылдын жайынан тарта мунайдын эки эсе арзандап кетиши мунай өндүргөн өлкөлөргө, анын ичинде Иран менен Венесуэланын бюджетине олуттуу кыйынчылыктарды алып келди.

XS
SM
MD
LG