Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:38

Запкы көргөн наристе комага түштү


Бишкектеги балдардын клиникалык ооруканасы
Бишкектеги балдардын клиникалык ооруканасы

Бишкек шаарындагы балдардын клиникалык ооруканасына 10-январь түнү ар кандай оор жаракаттары менен эки жаштагы бала түштү. Анын алган жаракаттарынан улам бир нече күн бою запкы көрүп, зордуктоонун белгилери байкалып турат деп билдирет аталган ооруканада нөөмөттө туруп, наристени кабыл алган дарыгер.

Дарыгердин айтымында, баланы белгисиз адам “атасымын” деп тааныштырып, Аламүдүн районуна караштуу Озерное айылынан келгенин айтып, ооруканага таштап кеткен. Азыр наристе оор абалда комада жатат. Ата-энеси тууралуу азырынча маалымат жок жана баланын жанында жакындары болбогонун “Азаттыкка” оорукананын дарыгери билдирди.

"Наристе зордукталганбы же жокпу - бул соттук-медициналык териштирүүдөн кийин гана так белгилүү болот" деп кошумчалады дарыгер. BCh

XS
SM
MD
LG