Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:27

Франциянын Бишкектеги элчилигинин алдында акция болот


Иш-чараны “Бир дүйнө Кыргызстан” коомдук фонду уюштурууда. Аталган фонддун жетекчиси Төлөйкан Исмаилованын “Азаттыкка” билдиргенине караганда, 12-январда боло турган акция “Шарли Эбдо” журналынын редакциясында болгон кандуу окуя, андан кийинки абалга байланыштуу француз элине колдоо, көңүл айтуу максатында болот. Иш-чаранын катышуучулары сөз эркиндиги, ар кандай маселелерди тынч диалогдор менен чечүү, плюралисттик коом үчүн тилектештик билдиришмекчи.

Акцияга Кыргызстандагы башка укук коргоочулар, Акыйкатчы институтунан өкүлдөр чакырылган.

Парижде өткөн аптада кылмышкерлердин кол салуусунан 17 адамдын өмүрү кыйылды. Тергөө ал кылмышкерлер ислам динин жамынган радикал жоочулар экенин айтууда. Мухаммед пайгамбардын карикатурасын тартып, чоң талашка жем таштаган Charlie Hebdo журналынын редакциясына болгон алгачкы чабуулда 12 адам мерт болду. Алардын сегизи журналист, экөө полициячы. Жума күнү полициянын атайын операциясынын жыйынтыгында кылмышка шектүү үч адам жок кылынды.(ZKo)


XS
SM
MD
LG