Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:52

Стамбулда соода борборунан табылган бомба зыянсыздандырылды


Полициянын маалыматы боюнча, ишемби күнү колго жасалган бомба Стамбулдун батыш тарабындагы Башакшехир аймагындагы соода борборуна коюлган. Ээси жок, шектүү турган баштык тууралуу маалымат түшөрү менен полиция аны зыянсыздандырган.

Өткөн аптада Стамбулдун туристтер көп баруучу Султан Ахмет борборунда жанкечти аялдын жардыруусунан полиция кызматкери өлгөн. Акыркы айларда Түркиянын коопсуздук күчтөрү күчөтүлгөн кайтарууга өттү.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG