Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:25

Пакистанда автокырсыктан кеминде 65 адам мерт кетти


Карачи шаарына жакын жерде жүргүнчүлөрдү ташып бараткан автобус мунай ташыган унаа менен кагышып, экөө тең күйүп кеткен. Полициянын маалыматы боюнча жардыруу болору менен 59 кишинин өлгөнү такталган, алардын арасында аялдар менен балдар да бар. Дарыгерлер болсо өлгөндөрдүн саны мындан да көп болушу ыктымалдыгын айтышууда, анткени көпчүлүк денелер толугу менен күйүп, аралашып кеткен. Ушундан улам каза болгондордун санын, аты-жөнүн тактоо ДНК тесттери аркылуу гана ишке ашуусу мүмкүн.

Алдын ала маалыматтар боюнча мунай ташыган автоунаанын айдоочусу туура эмес багытта бараткан. Ал эми автобустун ичинде 60тан ашуун, үстүндө дагы бир нече жүргүнчү болгон.

Өткөн жылдын ноябрь айында Карачиге жакын жердеги ушундай эле кагылышуудан автобустун 58 жүргүнчүсү өлгөн болчу.

XS
SM
MD
LG