Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:58

Бир жарым айда күйүүчү майдын баасы 3-4 сомго арзандады


Бул тууралуу Монополияга каршы тескөө мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы маалымдады. Маалыматка ылайык, акыркы бир жарым айдын ичинде “Газпром нефть Азия” компаниясы күйүүчү майды этап-этабы менен беш жолу арзандаткан. Ошондой эле анда “Газпром нефть Азия” компаниясы орусиялык мунай ишканалары менен фьючердик келишим негизинде иш алып барары белгиленген. Бул деген учурда ноябрь-декабрь айында апкелинген күйүүчү май сатылып жатканын билдирет. Монополияга каршы тескөө мамлекеттик агенттиги ноябрь айында күйүүчү майдын орточо баасы 50 сом болсо, бүгүнкү күнү 46 сомго түшкөнүн белгилеп, ал убактагы доллардын баасы менен бүгүнкү күндөгү айырмасын да көрсөткөн.

Ноябрь айынын аягында мунайдын дүйнөлүк баасы баррелине 60 доллар болсо, бүгүнкү күнү 50 доллардын айланасында болуп жатат.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG